Ала-Букага 13 млн. сомго спорт комплекси курулат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүПодготовка к 1 сентября одной из школ в Великом Новгороде
Подготовка к 1 сентября одной из школ в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шарт боюнча спорт комплекси келерки жылдын 25-майына чейин курулуп бүтүшү керек.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука айыл аймагына спорт комплексин куруу үчүн Ала-Бука айыл өкмөтү тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, спорт комплекс келерки жылдын 25-майына чейин курулуп бүтүшү керек. Анын курулушуна Ала-Бука айыл өкмөтү 13 миллион 410 миң 520 сом сарптоого даяр. 

Тендер 9-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 19-декабрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0