Жалал-Абаддын жаштары зордук-зомбулукка каршы турууну үйрөнүштү

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПразднование Ураза-байрам в Москве
Празднование Ураза-байрам в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдуллах ибн Масъуд мечитинин имам хатиби Бакыт Нурматов студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берип, студенттерди ыймандуу болууга үндөдү.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №76 кесиптик лицейдин студенттери менен "Зордук-зомбулукка каршы күрөшүү", "Жаштардын никеге болгон көз карашы" темаларынын алкагында жолугушуу өткөнүн муфтият билдирди. 

Маалыматка ылайык, иш-чарага шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, имамдар, ата-энелер, мугалимдер жана студенттер катышты.

Жолугушуунун алкагында катышуучулар өз ойлорун ортого салып, жаштарды билимдүү болууга чакырышты. Абдуллах ибн Масъуд мечитинин имам хатиби Бакыт Нурматов студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берип, студенттерди ыймандуу болууга үндөдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0