Мамкаттоо: 1239 жаран шайлоого эски паспорт менен келди

© Sputnik / Табылды КадырбековОбразец старого паспорта гражданина КР
Образец старого паспорта гражданина КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттоо кызматынын жетекчиси 1994-жылкы паспорттор кийинки жылдын апрелине чейин гана жарактуу болорун эскертти.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев кечээ өткөн шайлоо менен референдумга 1239 кыргызстандык жаран 1994-жылкы паспорт менен келгенин билдиргенин аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

"Добуш берүү үчүн бир гана ID-карта талап кылынат. Жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырса да эски үлгүдөгү паспорттор менен добуш берүүгө жол берилбейт", — деди Сарпашев.

Ал эски паспорттор кийинки жылдын апрелине чейин гана жарактуу болорун эскертти. 

"Апрелден тарта бул паспорттор юридикалык күчүн жоготуп, жараксыз деп табылат", — деди төрага.

Сарпашев эски паспортторду алмаштыруу зарылдыгын белгиледи. Эскерте кетсек, былтыркы жылдын август айынан бери МКК 60 жашка чыккан жарандардын паспортун акысыз алмаштырып келет. Бүгүнкү күндө 110 миңден ашуун паспорт алмаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0