Бишкекте азык-түлүк жарманкеси уланууда

Жазылуу
Дыйкан, фермерлер өздөрү өндүргөн продукцияны ортомчусу жок шаар тургундарына жеткирүүгө, ал эми шаардыктар сапаттуу жана арзан баадагы азык-түлүктү сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкекте салтка айланган жарманке өз ишин улантып жатканын мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Сепеттеги алмалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте апта аягында "Алма EXPO – 2016" агрардык жарманкеси өтөт
Ушул дем алыш күндөрү дагы айыл-чарба продукцияларын сатып алууга шаардыктарда жакшы мүмкүнчүлүк болду.

Мэрия тараптан уюштурулган соода чекиттеринен шаар тургундары эт, сүт, бал, жер-жемиш жана жашылчалар сыяктуу ар түркүн азык-түлүктөрдү сатып ала алышат.

Чүй облусунун ар кайсы жеринен келген дыйкан, фермерлер өздөрү өндүргөн продукцияны ортомчусу жок шаар тургундарына жеткирүүгө, ал эми шаардыктар сапаттуу жана арзан баадагы азык-түлүктү сатып алууга мүмкүнчүлүк алды.

Айыл чарба продукцияларын сатуу төмөнкү жерлерде уланууда:

  • "Жал" кичи району, Тыналиев көчөсү (Ленин району);
  • "Асанбай" чакан-базары, Токомбаев көчөсү;
  • Ауэзов жана Салиева көчөлөрүнүн келилиши (Свердлов району);
  • Фрунзе көчөсү, Ибраимов жана Шопоков көчөлөрүнүн ортосунда (Биринчи Май району).
Жаңылыктар түрмөгү
0