Расул Кадыров: шайлоо участкасы самсаканада эмес, кафеде ачылган

© Sputnik / Табылды КадырбековНа втором месте по количеству киоски с едой.
На втором месте по количеству киоски с едой. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин шайлоо участкасын ресторанда ачуу пландалган, бирок ал жакта той боло тургандыктан участка башка жакка көчүрүлгөн.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. №5316 шайлоо участкасы айрым ЖМКлар жазып жаткандай самсаканада ачылбаганын БШКнын Ош шаары жана облусу боюнча координатору Расул Кадыров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында шайлоо участкасы кафеде ачылган.

"Бул кафенин ичи кенен болгондуктан анда шайлоо өткөрүүгө болот. Негизи шайлоо участкасын "Нооруз" ресторанында ачууну пландаганбыз. Бирок ал жакта той боло тургандыктан башка жакка көчүрдүк", — деди Кадыров.

Кыргызстан боюнча 22 шаар жана 389 айылда жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүүдө. Шайлоого жалпысынан 2 миллион 350 миң жаран катышууга укуктуу. Ал эми негизги мыйзамга өзгөртүү боюнча 2 миллион 825 миң адам добуш бере алат.

Саат 16:00гө алынган маалыматтар боюнча референдумга шайлоочулардын 28,1 пайызы добуш берсе, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоого жарандардын 29,1 пайызы добушун берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0