Атамбаевге премьер менен БШК төрайымы шайлоого даярдык шайма-шай экенин маалымдашты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолугушуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков шайлоо күнү коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо үчүн мамлекеттик органдар тарабынан бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолугуп, эртең өтө турган шайлоого даярдык боюнча маалымат алды.

Эртең 11-декабрда 22 шаардык жана 380ден ашуун айыл аймактарында жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Аны менен катар эле Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум болот.

Улуу Британиянын желегин көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Референдумдар: мүйүздүү болом деп кулагынан ажырагандардан тарта гейлерге чейин
Сооронбай Жээнбековдун айтымында, референдумду жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштуруучулук жана материалдык жактан камсыз кылуу үчүн, ошондой эле коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо үчүн мамлекеттик органдар тарабынан бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

БШК (Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы) төрайымы Нуржан Шайлдабекова бардык шайлоо участоктору добуш берүүгө даяр болгонун, ал эми шайлоо комиссиялары шайлоо өнөктүгүнүн бардык катышуучуларынын ортосунда демократиялуу жана ачык атаандаштык болушу үчүн бардык шарттарды түзүшкөнү жөнүндө президентке баяндады.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкө алдында Кыргызстандын шайлоо системасын реформалоодогу жана шайлоолордун ачыктыгын камсыз кылуудагы башкы жетишкендиктерди дагы бир жолу тастыктоо милдети турганын айтты.

"Биз Кыргызстан – таза шайлоолордун өлкөсү экенин, бизде шайлоолордун жана референдумдардын тагдырын добуш берүү аркылуу жарандар өздөрү чече турганын дагы бир жолу көрсөтүшүбүз керек. Ал эми элдик бийликтин принциптерин бекем кармануу – бул өлкө туруктуулугунун, анын туруктуу өнүгүшүнүн жана болочок ийгиликтердин негизи", — деди президент.

Мамлекет башчысы Өкмөт жана БШК референдумда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жарандардын өз каалоосун эркин билдирүүсү үчүн бардык шарттарды түзүүүгө милдеттүү экенин айтты.

Аны менен катар эле участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөө маселелерин кыска мөөнөттө чечүү зарылдыгын белгиледи.

Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси: эмнелер өзгөрүп жаткандыгын Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрүңүздөр>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0