Базар-Коргондо жакыр үй-бүлөлөргө 50 тонна көмүр түшүрүлдү

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүТак көмүр жүктөө. Архив
Так көмүр жүктөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган демилге жергиликтүү дин кызматкерлери тарабынан ишке ашырылды.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Базар-Коргондогу дин кызматкерлеринин демилгеси менен жакыр үй-бүлөлөргө 50 тонна көмүр түшүрүлдү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун имамы менен облустук казыяттын иш бакшармалыгынын башчысы көмүрдү жетим-жесирлерге, жакыр үй-бүлөлөргө берүүнү демилгелеген. 

"Ал эми уюштуруу иштерин райондук хатибият колго алып, жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы аркасында ишке ашырылды", — деп айтылат маалыматта. 

50 тонна көмүр муктаж адамдарга толук таратылып берилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0