Кыргыз эстрада жылдыздары Куран окуу боюнча флэшмоб баштады

Жазылуу
Ырчылар Facebook баракчасына куран окуган видеосун жайгаштырып, аны кийинкилерге узатып жатышат.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ырчы Турдакун Ниязалиев Куран окуганын видеого жаздырып аны Facebook баракчасына жайгаштырып, кезекти ырчы Омарга узаткан.

Ниязалиев кезекти теле алып баруучу Талант Канатбек уулунан алганын жазган.

"Талант Канатбек уулу уюштуруп жаткан "Ырчылардын ортосундагы Куран окуу боюнча жарыштын" кезегин алдым. Албетте, бул иш-чара бизге кичине болсо дагы Куран окууга жана аны үйрөнүүгө стимул болот деп ойлойм. Эми ушул эстафетаны Омар Жанышовго сунмакчымын", — деп жазат ырчы.

Ал ошондой эле алардын Куран окуусун катуу сынга албоону суранган.

Ырчы Омар ага сунулган эстафета боюнча азырынча эч кандай билдирүү бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0