Бишкекте окуучулардын тамактануусун жакшыртуу талкууланды

© Sputnik / Михаил ВоскресенскийМектептин ашканасы. Архив
Мектептин ашканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын 266 мектеби тамактануунун натыйжалуу ыкмаларына өттү.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова БУУнун программасынын Кыргызстандагы өкүлү Кейко Изуши менен окуучулардын тамактануу маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын КРдеги директорунун орун басары Кейко Изуши менен окуучулардын тамактануусун жакшыртуу, социалдык коргоо, коомчулуктун социалдык-экономикалык туруктуулугун жогорулатуу боюнча улуттук тутумду өнүктүрүү долбоору талкууга алынган.

"Бүгүнкү күндө БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Кыргызстандын 266 мектеби тамактануунун натыйжалуу ыкмаларына өттү", — деп айтылат маалыматта.

Султанбекова Кыргыз өкмөтүнүн атынан БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасына жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазылык билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0