Бишкекте эмдиги жылы жаңы көрүстөн ачылат

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDКөрүстөн. Архив
Көрүстөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаанын түштүк-батыш жагындагы көрүстөн толуп калгандыктан, мэриянын борбордон 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Гроздь айылынын жанынан жаңы көрүстөн ачуу планы бар.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Гроздь айылында 2017-жылы жаңы көрүстөн ачылаарын Бишкек мэри Албек Ибраимов маалымат жыйынында билдирди.

Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэр: Бишкекте муниципалдык бала бакчалар курулбайт
40 жыл мурун ачылган түштүк-батыш көрүстөнү эчак толуп калган. Бишкек мэриясы аны бир нече жыл мурда эле жаап, борбордон 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Гроздь айылынын жанынан жаңы көрүстөн ачууну пландаган. 

Вице-мэр Эркин Исаковдун айтымында, жаңы көрүстөнгө суу жана электр жарыгы жеткирилди. Учурда жолдун сапаты боюнча маселелер чечилүүдө.

Маалыматта айтылгандай көрүстөн келаткан жылы ачылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0