Сурамжылоо: СССР кулагандан кийин АКШ дүйнөлүк лидер катары өзүн көрсөтө алган жок

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүФлаги СССР и США
Флаги СССР и США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо IFop компаниясы тарабынан 2016-жылдын июль айында жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Sputnik. Пикирлер сурамжылоосуна ылайык, Германиянын (69 пайыз), Франциянын (55 пайыз) жана Италиянын (51 пайыз) тургундары 1991-жылы СССР урагандан кийин АКШ жалгыз держава болуп калганы менен дүйнөлүк лидер катары өзүн көрсөтө алган жок деп эсептешет. Сурамжылоо Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу үчүн Ifop компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн. 

Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Европа биримдигин мамлекеттик цензураны киргизбөөгө чакырды
"СССР урагандан кийин АКШ дүйнөлүк лидер катары өзүн көрсөтө алдыбы" деген суроого германиялыктардын 24, француздардын 35 жана италиялыктардын 42 пайызы "ооба" деп жооп берген. Ал эми француздардын 10 жана италиялыктардын 7 пайызы жооп бере алган эмес. 

1991-жылдын 8-декабрында СССРдин жоюлушу жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин түзүлүшү боюнча Беловеж келишимине кол коюлган. Ошол күнү Белоруссия, Россия жана Украина башчылары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) түзүлүшү жөнүндө келишимге кол коюшкан. 

Сурамжылоо IFop компаниясы тарабынан 2016-жылдын июль айында жүргүзүлгөн. Ага Франция, Германия жана Италиядан 18 жаштан улуу 3006 киши катышкан. Алар жынысы, жаш курагы жана жашаган аймагы боюнча тең салмакта каралды. 

СССР кулагандан кийин АКШ дүйнөлүк лидер катары өзүн көрсөтө алдыбы?
СССР кулагандан кийин АКШ дүйнөлүк лидер катары өзүн көрсөтө алдыбы?  - Sputnik Кыргызстан
СССР кулагандан кийин АКШ дүйнөлүк лидер катары өзүн көрсөтө алдыбы?

Sputnik.Пикирлер долбоору тууралуу

Коомдук пикирди иликтөө боюнча эл аралык долбоор өз ишин 2015-жылдын январь айында баштаган. Долбоорго Populus, Ifop жана forsa компаниялары өнөктөш болуп келет. Анын алкагында Европа менен АКШ тургундарынын арасында актуалдуу делген социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп турат. 

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0