Кыргыз-казак өкмөтү кургак учукту акысыз дарылоо келишимине кол коюуну пландап жатат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүВрач ренгтендин натыйжасы менен таанышууда. Архив
Врач ренгтендин натыйжасы менен таанышууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан делегациясы Астана шаарында өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек араларында кургак учукту көзөмөлдөө боюнча жыйынга катышууда.

АСТАНА, 8-дек. – Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кургак учук менен жабыркаган мигранттарды акысыз дарылоо тууралуу келишимге кол коюу пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдулат Кадыров билдирди.

"Мигранттар жумуш издеп башка өлкөлөргө барганда, аларга медициналык жардам көрсөтүү начар болуп жатат. Азыркы күндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кургак учук менен ооруган мигранттарга акысыз жардам көрсөтүү тууралуу келишимди даярдадык. Жакынкы арада буга эки өлкөнүн өкмөтү кол коет", — деди ал.

Жаңы келишимдин жобосунда эки өлкөнүн эмгек мигранттарын кургак учуктан акысыз дарылоо мүмкүнчүлүгү каралган. Анткен менен Казакстан кургак учук менен ооруган мигранттарды акысыз дарылап келет.

Кадыров учурда Казакстанда кыргызстандык 15 мигрант кургак учук оорусунан дарыланып жатканын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0