Бишкек КМШ ичинен россиялыктар эң көп келген 10 шаардын катарына кирди

© Sputnik / Акылбек БатырбековДостопримечательности города Бишкек
Достопримечательности города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык турист Бишкектеги мейманканада бир жолу түнөө үчүн болжол менен 53 доллар коротот.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россиялык туристтер КМШ мамлекеттеринин ичинен эң көп тандаган он шаардын ичинде Бишкек да бар. Бул тууралуу мейманканаларды издеген RoomGuru.ru сайты билдирди.

Празднование нового года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бактылуу өлкөлөр рейтингинде Кыргызстан Россия менен Казакстанды артта калтырды
Рейтинг 2016-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин мейманканаларды алдын ала ээлөө боюнча маалыматтар топтомунун негизинде түзүлгөн. Ага ылайык, Бишкек шаары тогузунчу орунда турат.

Россиялык туристтер арасында КМШ мамлекетиндеги эң популярдуу шаарлар – Минск, Тбилиси, Батуми, Баку, Ереван, Астана, Алматы, Ташкент, Бишкек жана Кишинев.

Аталган сайттын маалыматына таянсак, россиялык турист Бишкектеги мейманканада бир жолу түнөө үчүн болжол менен 53 доллар коротот.

Ал эми ТурСтат агенттигинин маалыматы боюнча 2016-жылы россиялык туристтер КМШ мамлекеттерине 15 пайызга көп барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0