Мэрия чатыры өрттөнгөн барак тибиндеги үйгө 500 миң сом жардам көрсөттү

© пресс-служба мэрии города БишкекМатериальная помощь семьям горожан, пострадавшим от пожара на пересечении улиц Сухомлинова и Шота Руставели
Материальная помощь семьям горожан, пострадавшим от пожара на пересечении улиц Сухомлинова и Шота Руставели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрь күнү Сухомлинов көчөсү менен Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан барак тибиндеги үй күйгөн.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы үйү өрттөнүп кеткендерге 500 миң сом жардам көрсөттү. Бул тууралуу муниципалитет билдирди. 

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 4-декабрь күнү саат 02:15те Сухомлинов көчөсү менен Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан барак тибиндеги үйдө өрт жыгып, тилсиз жоо үйдүн 825 чарчы метр чатырын жалмаган.

"Мэр Албек Ибраимовдун тапшырмасы менен тилсиз жоодон жабыркагандарга 500 миң сом бөлүнүп, курулуш материалдары сатып алынды. Учурда ремонт иштер башталды", — деп жазылат маалыматта. 

Чатыры өрттөн батир тибиндеги үй 1957-жылы курулган. Анда 12 батир бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0