Оторбаев Түркиядан "гүленчил" деп кармалган КР жаранын бошотууну өтүндү

Жазылуу
Кыргызстандын акыйкатчысы түркиялык кесиптеши менен жолукту.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев түркиялык кесиптеши Мехмет Элкатмыш менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышканын Омбудсмен институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар 29-ноябрда жолугушкан. 

Оторбаев түркиялык кесиптеши Элкатмышты ФЕТӨ террордук уюмуна тийиштиги бар деп камакка алынган кыргызстандык жаранды бошотууга көмөктөшүүгө чакырды.

"Түркиянын Газиантеп аймагындагы университетте окуп жаткан А.И. аттуу жаранды укук коргоо органдары кармап кеткен. Ал Түркиянын аймагында мыйзамдуу жүрөт, ФЕТӨ террордук тобуна эч кандай тийиштиги жок. Түркиянын миграциялык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери өлкөнүн Ички иштер министрлигинин Башкы миграция башкармалыгына сурам жөнөтүлгөнүн, жооп келсе эле кармалган жаран эркиндикке чыгарын айтышты", — деп жазылат маалыматта. 

Кармалан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулда 9,5 млн. доллар менен кармалгандардын дагы бирөө кыргызстандык болуп чыкты
Тараптар андан сырткары эмгек мигранттарынын укуктарынын сакталышы боюнча да пикир алышты.

Эскерте кетсек, 2012-жылдын 10-февралынан тарта Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөр ортосундагы макулдашуу боюнча эки мамлекеттин ортосунда визасыз режим киргизилген. Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары Түркияда 90 күн визасыз жүрө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0