Көзү азиз ди-джей Азамат Бердиев маданияттын мыкты кызматкери болду

© Фото / Урмат ЖээнбековБиринчи топтогу майып, көзү азиз диджей Азамат Бердияров
Биринчи топтогу майып, көзү азиз диджей Азамат Бердияров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азамат Бердиев биринчи топтогу майып. Учурда радиолордун биринде ди-джей болуп иштейт.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Биринчи топтогу майып, көзү азиз болгондугуна карабай 13 жылдан бери радио жаатында эмгектенип жүргөн Азамат Бердияров "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу маалыматты ди-джей Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына тастыктап берди. 

Ал алгач кабарга ишенбегендигин айтты. 

"Телефондон чалышканда ишенген жокмун. Тамашалап жатат го дегем. Анткени бул абройлуу төш белги эмеспи. Анан кечээ күнү Маданият, маалымат жана туризм министрлиги төш белги тапшырганда ишендим. Кубанычымда чек жок", — деди Бердияров.

Азамат Бердияров учурда радиолордун биринде ди-джей болуп иштейт. Буга чейин да бир канча радиолордо алып баруучулукту аркалаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0