Улуттук университетте студенттер арасында "Билге" интеллектуалдык оюну өткөрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети. Архив
Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы менен Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлүп жатат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде 8-декабрь күнү "Билге" интеллектуалдык оюну өткөрүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КУУнун жаштар бөлүмүнүн башчысы Уларбек Бакырдинов билдирди.

Иш-чара улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы менен Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлүп жатат. 

"Оюндун башкы максаты — жаш студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу. Ага Бишкектеги бардык жогорку окуу жайлардын студенттеринен түзүлгөн курама командалар катышып, жеңген топко Баласагын кубогу ыйгарылат", — деди Бакырдинов.

Уюштуруучулардын айтымында, кыргыз тилинде өтүүчү оюн быйыл университеттер арасында биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин Улуттук университетте факультеттер арасында уюштурулуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0