Өчпөс отко тамак бышырган эргулдарды Бишкектин мэриясы издеп жатат

Жазылуу
Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко картошка бышырган балдардын видеосу Интернетте бир топ талкууну жараткан.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы Улуу Ата мекендик согушта курман болгондордун эстелигине доо кетирген адамдарды табуу боюнча шаар тургундарына кайрылганын муниципалитет билдирди.

Буга чейин интернетте Өчпөс отко картошка бышырып жаткан жаш балдардын видеосу тарап кеткен. Азырынча видеонун кандай максатта тартылганы белгисиз.

Ледяной дождь в Казани - Sputnik Кыргызстан
Шаардагы имараттардын чатырындагы музду ким тазалай турганын мэрия билдирди
Мэрия Бишкек ШИИБге кайрылып, Свердлов РИИБи тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Муниципалитет аталган жарандар тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөндөгү WhatsApp номерлерине кайрылуусун өтүнөт.

Матмусаев Марат (Свердлов району) — 0 (555) 44-71-54, же 185 и 1840 кыска номерлерине кайрылуу зарыл.

Мындан тышкары 0 (554) 18-21-85 43-32-75, 43-28-15 38-20-12, 38-20-12 телефондоруна кайрылууга болот.

Былтыр да ушундай эле окуя катталып, анда Өчпөс оттун жанында "отуруш" уюшулганы тууралуу да маалымат тараган. Бирок милиция келгичекти "кеченин" катышуучулары из суутуп кетүүгө үлгүрүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0