Египеттин Аль-Азхар университетинин аалымы тренинг өтүү үчүн Бишкекке келди

© Фото / пресс-служба ДУМК КРКыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын чакыруусу менен Кыргызстанга шейх Ахмед Махмуд аль-Шариф келди
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын чакыруусу менен Кыргызстанга шейх Ахмед Махмуд аль-Шариф келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тренинг өлкөдөгү диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепцияны ишке ашыруу программасы боюнча уюштурулууда.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын чакыруусу менен Кыргызстанга шейх Ахмед Махмуд аль-Шариф келди. Бул тууралуу муфтият билдирди. 

Белгилей кетсек, Египет мамлекетинин Аль-Азхар университетинин окутуучусу диний кызматкерлерге тренинг өтүү үчүн келди. 

"Дин кызматкерлери үчүн уюштурулуп жаткан тренинг өлкөдөгү дин тутуу эркиндиги, салттуу исламдын баалуулуктары жана диний радикализм, экстремизди алдын алуу боюнча болот", — деп жазылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, тренинг өлкөдөгү диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепцияны ишке ашыруу программасы боюнча уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0