Чүй ОИИББ: Кайрат Примбердиевдин үйүнө кирген уурулар калтырган манжа издери алынды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүРабота экспертно-криминалистического центра в Екатеринбурге
Работа экспертно-криминалистического центра в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы 4-декабрда үйүнө ууру киргенин айтып, 3-3,5 миң долларга бааланган баалуу буюмдарын алып кеткенин айткан.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ырчы Кайрат Примбердиевдин үйүнө кирген уурулар калтырган манжа издери алынганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 4-декабрда ырчы үйүнө ууру киргенин айтып, 3-3,5 миң долларлык баалуу буюмдарын алып кеткенин айткан.

"Ырчыдан Сокулук РИИБна арыз келип түшкөн. Азыр тергөөчүлөр уурулардын калтырган манжа издерин алышты. Тергөө амалдары жүрүүдө", — деп маалымдашты.

Белгилей кетсек, Кайрат Примбердиев учурда Россиянын биринчи каналы уюштурган "Голос" шоусунун чейрек финалына өткөн. Ал эми былтыр "Главная сцена" сынагында финалга чейин жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0