Вице-премьер шайлоо күнү коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды

Жазылуу
Жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-декабрда өтөт. Ушу эле күнү жалпы элдик добуш берүү — референдум да болот.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Вице-премьер Жеңиш Разаков 11-декабрда шайлоо участкаларындагы коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Подготовка к парламентским выборам в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Саясий партиялар үгүт иштерине 53 млн. сом коротту
Эскерте кетсек, 11-декабрь күнү 405 жергиликтүү кеңешке (384 айылдык жана 21 шаардык) шайлоо өтөт. Ушул эле Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум да болот.

Разаков Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ноокат районундагы шайлоо участкаларынын абалы менен таанышып чыгып, коопсуздук маселесине өтө тыкыр болууну буюрду.

Жаңылыктар түрмөгү
0