14:49 19 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Маска кийген кыз. Архивдик сүрөт

Сасык тумоо менен ооругандар Бишкекте, Талас, Чүй облустарында нормадан ашты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Сасык тумоонун өлкө аймагында жайылышы (30)
24510

10 айдын ичинде өлкө боюнча сасык тумоого чалдыккан 144 миң 985 учур катталган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкек шаары менен Талас жана Чүй облустарында сасык тумоо менен ооругандар республикалык орто көрсөткүчтөн 1,2 эседен 2,2 эсеге чейин көбөйгөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

10 айдын ичинде өлкө боюнча сасык тумоого чалдыккан 144 миң 985 учур катталган. Анын ичинен 14 жашка чейинки балдар 64 пайызды түзөт.

"Октябрь айынын башынан бери сасык тумоого чалдыккан 14670 киши медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Алардын 1264тү ооруканага жактырылган. Анын ичинде 14 жашка чейинки балдардын саны 1203тү түзөт. Бишкек шаары боюнча 237 киши ооруканага жаткырылса, алардын 99 пайызы 14 жашка чейинки балдар", — деп айтылат маалыматта.

Эл арасында туруктуулукту камсыз кылуу үчүн республикалык каражатка сасык тумоого каршы "Гриппол плюс" вакцинасы сатып алынган. Эмдөө бекер жүргүзүлөт. Сасык тумоого каршы эмдөөдөн 69 миңден ашык киши өткөн. 

Бишкек шаарындагы мектептер сасык тумоодон улам 12-декабрга чейин карантин жарыяланды. Карантинге кеткен мөөнөт жазгы каникулдун эсебинен толтурулушу мүмкүн экенин Бишкек мэриясы маалымдады.

Тема:
Сасык тумоонун өлкө аймагында жайылышы (30)

Тема боюнча

Мэрия: карантин жазгы каникулдун эсебинен толтурулушу мүмкүн
Бишкектеги мектептин баары карантинге жабылды
Белгилер:
эмдөө, сасык тумоо, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ