09:55 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Врач. Архивдик сүрөт

Улуттук госпиталь жаңы жылдан баштап бейтаптарды кабыл ала баштайт

© Sputnik / Александр Кряжев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Сасык тумоонун өлкө аймагында жайылышы (25)
32 0 0

Вице-премьер Улуттук госпиталдын ремонтунун жүрүшүн көрүп, инфекциялык оорукананын сасык тумоого каршы жасап жаткан иштери менен таанышты.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Улуттук госпиталь 2017-жылдын башынан тартып бейтаптарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу вице-премьер Чолпон Султанбекованын госпиталда жүргүзүлүп жаткан ремонт иштери менен таанышуусу учурунда белгилүү болду. 

Өкмөттүн маалымат кызматы учурда оңдоо иштери жандандырылып, жигердүү жүрүп жатканын белгиледи.

Султанбекова ремонт иштеринин кыш мезгилинде жасалып жатканын эске алуу менен тийиштүү кызматтарга биринчи кезекте жылуулук системасын калыбына келтирүүнү тапшырды.

"Ремонт жыл аягына чейин бүтүшү керек, бейтаптар үчүн бардык шарттар болушу зарыл. Бул маселе боюнча премьер-министрдин тапшырмасы бар. Госпиталь 2017-жылдын башынан баштап бейтаптарды кабыл ала башташы керек", — деди Султанбекова.

Улуттук госпиталдын ремонтнун жүрүшү
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Вице-премьер андан ары инфекциялык ооруканага барып, сасык тумоого каршы көрүлүп жаткан чаралар менен таанышты.

Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевдин айтымында, учурда бейтаптардын саны 500гө жетип, ооруканада орун жетишсиз болууда.

Султанбекова дарыгерге кыска мөөнөттүн ичинде орундарды көбөйтүп, башка ооруканалардан дарыгерлерди ишке тартууну тапшырды.

Тема:
Сасык тумоонун өлкө аймагында жайылышы (25)

Тема боюнча

Кыргызстандагы 2 ветеринардык лабораторияны Россия 138 млн. рублга жабдыйт
Белгилер:
сасык тумоо, оорукана, Чолпон Султанбекова

ЭҢ МААНИЛҮҮ