09:51 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Ноорузду майрамдоо. Архивдик сүрөт

Нооруз жана калама ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

© Sputnik / Владимир Пирогов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
79 0 0

Репрезентативдүү тизме маданий баалуулуктарга коомчулуктун көңүлүн бурдура турган курал. Бүгүнкү күндө тизмеде 336 элемент камтылган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Нооруз майрамы жана буудай унунан жасалган калама ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди. Бул тууралуу БУУнун жаңылыктар борбору кабарлады.

Ноорузду тизмеге киргизүү маселеси шаршемби күнү Эфиопиянын Аддис-Абебе шаарында өткөн Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо комитетинин жыйынында чечилди.

"Ноорузду тизмеге киргизүү билдирмелерин Кыргызстан, Азербайжан, Афганистан, Индия, Иран, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстан өлкөлөрү жөнөткөн ", — деп жазылат сайттын маалыматында.

Бүгүн дагы бир коллективдик арыз кабыл алынып, буудай унунан жасалган калама ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди. Бул билдирмени Кыргызстан, Азербайжан, Иран, Казакстан жана Түркия өлкөлөрү жиберген. Калама ар бир өлкөдө ар башка аталат. Алсак, лаваш, катырма, жупка, юфка. 

Репрезентативдүү тизме маданий баалуулуктарга коомчулуктун көңүлүн бурдура турган курал. Бүгүнкү күндө тизмеде 336 элемент камтылган. 

Нооруз — күн менен түн теңелген күн. Кыргызстан аны ар дайым 21-мартта майрамдап келет.

Кыргызстандын маданий мурастары тууралуу Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрүңүздөр>>

Тема боюнча

Ноорузду ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүгө 12 өлкө макул болду
Белгилер:
калама, тизме, мураскор, Нооруз, ЮНЕСКО

ЭҢ МААНИЛҮҮ