БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы бала бакчаларга балдарды кабыл алуу электрондук кезек аркылуу ишке аша баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Электрондук кызматтын жардамы тиешелүү маалыматтарды толтуруп кезекке туруп, кайсыл бала-бакчада бош орундар бар экендигин жана өз кезегин билип тура алат.
"Бул долбоор бала алууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Анын аркасында бардык ата-энелер бала бакчалардын көрсөткөн кызматтын жеткиликтүү колдоно алышат", — деп айтылат маалыматта.
Бул аракеттер пилоттук негизде Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында өткөрүлдү. Эми жалпы өлкө аймагында ишке ашат.
Кыргызстанда 1378 бала бакча 162 миңден ашык баланы тарбиялайт.