Депутат Алмазбек Эргешов Сары-Челектин жолун оңдоо маселесин көтөрдү

© Фото / Влад УшаковСары-Челек көлү. Архив
Сары-Челек көлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, Аксы районунда жайгашкан Сары-Челек көлүнө жыл сайын 20 миңден ашуун турист келет.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов Сары-Челектин жолун оңдоо маселесин көтөрдү. Өз пикирин депутат парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Анын айтымында, Аксы районунда жайгашкан Сары-Челек көлүнө жыл сайын 20 миңден ашуун турист келет. 

"Сары-Челекти билбеген кыргыз жок. Ага туристтер да көп келишет. Тилекке каршы, туристтер көлдүн сулуулугуна канчалык суктанышса, жолуна ошончолук нааразы. Андыктан Сары-Челектин жолун оңдосок жакшы болот эле", — деди депутат.

Эл өкүлү туристтердин арты менен жергиликтүү калк жакшы киреше табарын кошумчалады. 

Эске сала кетсек, Сары-Челек, Падыша-Ата жана Беш-Арал коруктары ЮНЕСКОнун тизмесине кирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0