15:42 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
унаа токтотуучу жайлар. Архивдик сүрөт

Бишкектин кайсы көчөлөрүндө көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курулат долбоор

© Sputnik / Максим Блинов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
8710

Учурда көп кабаттуу унаа токтотуучу жай Айчүрөк дүр дүйнө дүкөнүнүн жанында салынууда.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. "Бишкекбашкыархитектура" келечекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курула турган көчөлөрдүн тизмегин жарыялады. 

Учурда көп кабаттуу унаа токтотуучу жай Айчүрөк дүр дүйнө дүкөнүнүн жанында салынууда. 

Мекеме Бишкекте унаа токтотуу үчүн жер жетишсиз болгондуктан 2015-жылы көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу чечими кабыл алынгандыгын кошумчалайт. 

Алар:

  • "Туңгуч" кичи районунда (0,29 га); 
  • Жукеев-Пудовкин көчөсү 138 (0,861 га);
  • Койбагаров көчөсү 1 — (0,765 га);
  • Малдыбаев көчөсү 1а (4,818 га);
  • Саякбай Каралаев көчөсү боюнча 11-кичи районуна (0,245 га);
  • Кулиев жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилиши (0,13 га);
  • Кулиев жана Москва көчөсүнүн кесилиши (0,35 га);
  • Чүй — Кулиев — Киев көчөлөрү (0,25 га);
  • Ибраимов — Огонбаев (0,4 га);
  • Ибраимов көчөсү "Red centre" соода борбору (0,3 га);
  • Осмонкул — Темир жол — Сүйүнбаев көчөлөрү (0,8 га);
  • "Чыгыш-5" — Түгөлбай-Ата — Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилиши (0,3 га);
  • Логвиненко — Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилиши (0,839 га);
  • Лев Толстой көчөсү (Жугуштуу оорулар клиникасы 0,80 га);
  • Патрис Лумумба көчөсү 48 а (1,513);
  • Молодежная жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши (0,224 га);
  • Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши (0,0813 га).

 

Тема боюнча

"Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнү 2018-жылы кандай болот
Белгилер:
унаа токтотуучу жай, көчө

ЭҢ МААНИЛҮҮ