07:54 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Кол кишенчен адам. Архив

УКМК: "Ак толкундун" издөөдө жүргөн директору кармалып, АКШдан алып келинди

© Sputnik / Вадим Жернов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
18710

Кыдыкбаев мамлекеттик бюджетке ири суммадагы залал келтирген деп айтыпталууда.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик "Ак-Толкун" ишканасынын директору Бекболсун Кыдыкбаев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Эске сала кетсек, 2014-жылдын 14-ноябрында президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу мамлекеттик "Ак Толкун" ишканасынын директору Кыдыкбаевге жана бир нече адамдарга карата КРдин Кылмыш жаза кодексинин 171 — "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу" жана 304 – "Кызмат абаланын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган

"Бүгүн, 30-ноябрь күнү УКМК Башкы прокуратура жана ТИМ менен биргеликте издөөгө алынган Бекболсун Кыдыкбаевди Бишкекке алып келди. Ал АКШда кармалды", — деп жазылат маалыматта. 

Кыдыкбаев мамлекеттик бюджетке ири суммадагы залал келтирген деп айтыпталууда. 

Тема боюнча

Мас аялды өлтүрүп, талаага таштап кеткен таксист кармалды
Белгилер:
Башкы прокуратура, УКМК, Бекболсун Кыдыкбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ