21:38 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Кишен. Архивдик сүрөт

Алмамбет Анапияевдин кармалган агасы үй камагына чыгарылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
18610

Галмамат Анапияевдин баш коргоо чарасын Ош шаардык соту караган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Алмамбет Анапияевдин агасы Галмамат Анапияев үй камагына чыгарылгандыгын Ош шаардык ИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков аймактык кабарчыга маалымдады. 

Эске салсак, Галмамат Анапияев Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынан "каржы жана кредит" адистиги боюнча жасалма диплом алууга шектелип кармалган.

"Тергөө учурунда Галмамат Анапияев Кыргыз улуттук университетинин "каржы жана кредит" адистигинде окубагандыгы аныкталды. Натыйжада, Анапияевге жана КУУнун Ош филиалынын проректоруна кылмыш иши козголду. Галмамат Анапияевдин баш коргоо чарасын Ош шаардык соту карап, аны үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды", — деп билдирди Сыдыков. 

Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери улантылып жатат. 

Белгилей кетсек, Галмамат Анапияев 2015-жылы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаардык бөлүмүн жетектеп турганда, жарандан 1000 доллар опузалап алууга шектелип, кийин 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Соттун чечими менен 4,2 миллион сом айыпка жыгылган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Алмамбет Анапияевдин бир тууган агасы болуп эсептелет. Алмамбет Анапияев 2015-жылы Минск шаарында киши колдуу болгон. 

Тема боюнча

"Манас" аэропортундагы жүргөн Батукаевдин сүрөтү кайдан чыкты? ИИМ түшүндүрмө берди
Алмамбет Анапияевдин агасы кайрадан кармалды
Белгилер:
диплом, кылмыш, Алмамбет Анапияев

ЭҢ МААНИЛҮҮ