Муфтият Таластын диний окуу жайларын текшерип жатат

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүПразднование Курбан-байрама в регионах России
Празднование Курбан-байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аттестациядан өтө элек имамдар документтерин чогултуп, экзамендерге даярдануусу керек.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Талас облусундагы медреселердин ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, муфтияттын диний окуу жайлар бөлүмүнүн жетекчиси Замир Ракиев медресе окуучулары менен жолугуп, алар менен бир сабактар туурасында пикир алышкан. Андын сырткары мечиттерди каттоо ишин колго алууну айткан

"Ракиев имамдар менен кезигип, мечиттерди каттоо ишин тездетүү тапшырмасын берди", — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле бөлүм жетекчи аттестациядан өтө элек имамдарга документтерди чогултуп, экзамендерге даярдануу керектигин эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0