Өкмөт көмүрдүн кымбатташын жөнгө салуу аракетинде

Жазылуу
Экономика министрлиги белгилегендей, учурда элге көмүр жеткиликтүү баада болушу керек. Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги көмүр ташыган ишканаларга көмүрдүн баасын орточо баада белгилеп берди.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Акыркы кезде өлкөдө көмүрдүн баасы дароо кымбаттап кеткендиктен Экономика министрлиги 90 күнгө чейин көмүрдүн баасына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү керектигин сунуштады. Аталган долбоор өкмөттүн расмий сайтына коомдук талкууга жарыяланды.

Экономика министрлиги белгилегендей, учурда элге көмүр жеткиликтүү баада болушу керек. Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги көмүр ташыган ишканаларга кара алтындын сатыла турган орточо баасын белгилеп берди. 

"Көмүрдүн дүң баасы эле акыркы айда өлкөнүн башка аймактарында дароо көтөрүлүп кетти. Ал чекене түрүндө андан да кымбат сатылууда ", — деп маалымдайт Экономика министрлиги.

Алсак, көмүргө болгон дүң орточо базар баасы бир тоннасына 5438 сом болсо, чекене сатылганда 7-8 миңге жетип кетип жатат. Мындан улам өкмөт керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана атаандаштыкты өнүктүрүү максатында 90 күнгө чекене бааларга орточо бааны киргизди.

Жаңылыктар түрмөгү
0