Ат-Башынын Ак-Сайында күрткүдө калган чет элдик аңчылар куткарылды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүОсень в Горном Алтае
Осень в Горном Алтае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, биринчи топто үч чет өлкөлүк, 10 кыргыз жараны жана экинчи топто бир чет өлкөлүк, төрт кыргыз жараны болгон.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүнө аң уулоо максатында чыгып кетип, күрткүдө калган эки топтун мүчөлөрү — чет элдиктер жана кыргыз жарандары толугу менен куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кой кайтарып жүргөн чабан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Кулжада 800 кою менен жоголуп кеткен чабандар табылды
Алдын ала маалымат боюнча, биринчи топто үч чет өлкөлүк, 10 кыргыз жараны жана экинчи топто бир чет өлкөлүк, төрт кыргыз жараны болгон. Алар 23-ноябрь күнү Газ-66 үлгүсүндөгү эки автоунаасы менен Ат-Башы — Кында — Ак-Сай унаа жолу аркылуу Ат-Башыны көздөй жол тарткан. 12:30 чамасында Ак-Сай өрөөнүндөгү "Чатыр-Таш" заставасынан Ат-Башы — Кында — Ак-Сай унаа жолу жабык дегенге карабай өтүп кетишкен. Кардын калыңдыгынан унаалар жүрө албай калып, биринчи топ "Босого" тилкесинде жана экинчи топ "Беш-Белчир" тилкесинде кар күрткүсүнө тыгылып калышкан.

Аларга жардам берүү үчүн "Урал" унаасы менен 16 киши жардам берүүгө чыккан. Андан тышкары 15 куткаруучу да тартылган. Саат 17:30да күрткүдө калган жарандар унаалары менен чогуу чыгарылып, Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынына жеткирилген. Жарандардын арасында жабыркагандар жок. 

Ат-Башы — Кында жолу кыш мезгилинде жол каттамы татаал болуп жана кар көп жаагандыктан жыл сайын убактылуу жабылат. Быйыл да 2016-жылдын 17-ноябрынан баштап 2017-жылдын 15-майына чейин каттам чектелген.

Жаңылыктар түрмөгү
0