Дастан Сарыгулов үй камагына чыгарылды

© Фото / Влад УшаковОбщественный деятель экс-госсекретарь КР Дастан Сарыгулов
Общественный деятель экс-госсекретарь КР Дастан Сарыгулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрү Сарыгуловду жүрөк оорусу көп кыйнап келген.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов үй камагына чыгарылганын анын жактоочусу Нина Зотова Sputnik Кыргызстан агенттинине билдирди.

Сарыгулов мамлекетти күч менен басып алууга даярдык көрүү боюнча кармалган.

Зотованын айтымында, Сарыгуловду Бишкектин чет жакасындагы үйүнө алып кетишти.

"Акыркы жумаларда анын жүрөк оорусу бат-баттан кармап жаткан", — деди адвокат.

Кармалган башка жарандар камакта, аларга карата иликтөө иштери уланып жатканын Зотова кошумчалады.

Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү иши боюнча Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Тойгонбек Калматов, Төрөбөй Колубаев, Александр Гусев жана Эрнест Карыбеков өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0