Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары экзаменден өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМаршруттук унааны күтүп жаткна жүргүнчү. Архив
Маршруттук унааны күтүп жаткна жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экзаменден коомдук транспорт айдаган 35 айдоочу өтөт. Жол эрежеси боюнча экзаменден өтпөй калгандар кайра тапшыруу укугуна ээ.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкекте маршруттук такси айдоочулар жол эрежелери боюнча экзаменден өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

"Экзаменден "коомдук транспорт" рейди учурунда айдоочулук күбөлүгүн алдырып жиберген айдоочулар өтөт. Жоопкерчиликке тартылган айдоочулардын көпчүлүгү жүргүнчүлөрдү туура эмес жерден түшүрүшөт жана айдап баратып жол эрежесин көп бузушат", — деди Бишкек ШИИБ Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Таалай Бугубаев. 

Экзаменден коомдук транспорт айдаган 35 айдоочу өтөт. Белгилүү болгондой, жол эрежеси боюнча экзаменден өтпөй калгандар кайра тапшыруу укугуна ээ. Кайгуул милиция башкармалыгы экзаменден экинчи жолу өтпөй калгандардын тагдыры кандай болоорун азырынча айта элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0