Улуттук госпиталдагы ремонттун жүрүшүн Финпол текшерип жатат

Жазылуу
Премьер-министр Жээнбековдун Улуттук госпиталдагы ремонтко ичи чыккан жок.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Улуттук госпиталдын ремонту менен таанышып, анын жүрүшүн сынга алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы 2 ветеринардык лабораторияны Россия 138 млн. рублга жабдыйт
Госпиталь жетекчилигинин айтымында, оорукана менен оңдоо иштерин жүргүзүүчү компаниянын ортосундагы келишим 2015-жылы августта түзүлүп, ремонт 30-ноябрда аяктамак. Подрядчылардын шалаакылыгы жана жоопкерчиликсиз мамилесинен улам оңдоп-түзөө иштери бир жылдан бери токтоп, бөлүмдөргө бейтаптар батпай кеткен.

Жээнбеков ремонт иштери өз мөөнөтүндө аякташы керектигин белгилеп, курулуш иштеринин токтоп калышына күнөөлүүлөр жазаланышы керектигин кошумчалады.

"Госпиталь жетекчилиги учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызмат тарабынан текшерүү жүрүп жатканын маалымдады", — деп айтылат билдирүүдө.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Улуттук госпиталдын ремонту менен таанышып, анын жүрүшүн сынга алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Улуттук госпиталдын ремонту менен таанышып, анын жүрүшүн сынга алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Улуттук госпиталдын ремонту менен таанышып, анын жүрүшүн сынга алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевГоспиталь жетекчилигинин айтымында, оорукана менен оңдоо иштерин жүргүзүүчү компаниянын ортосундагы келишим 2015-жылы августта түзүлүп, ремонт 30-ноябрда аяктамак.
Госпиталь жетекчилигинин айтымында, оорукана менен оңдоо иштерин жүргүзүүчү компаниянын ортосундагы келишим 2015-жылы августта түзүлүп, ремонт 30-ноябрда аяктамак. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Госпиталь жетекчилигинин айтымында, оорукана менен оңдоо иштерин жүргүзүүчү компаниянын ортосундагы келишим 2015-жылы августта түзүлүп, ремонт 30-ноябрда аяктамак.
1/2
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Улуттук госпиталдын ремонту менен таанышып, анын жүрүшүн сынга алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди
2/2
Госпиталь жетекчилигинин айтымында, оорукана менен оңдоо иштерин жүргүзүүчү компаниянын ортосундагы келишим 2015-жылы августта түзүлүп, ремонт 30-ноябрда аяктамак.

Премьер-министр тийиштүү органдарга түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгууга боюнча тапшырма берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0