Каракол — Эңилчек унаа жолу ачылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСнег выпал в Новосибирской области
Снег выпал в Новосибирской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми Мырзаке — Алайкуу жолунда тазалоо иштери бүткөрүлүп, учурда жолду кеңейтүү аракети көрүлүүдө.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Каракол — Эңилчек унаа жолу ачылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында саат 10:30да Каракол — Эңилчек унаа жолунун 38-чакырымынан баштап 92-чакырымына чейин калың кар жаагандыгынан жол убактылуу жабылган.

"Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында Каракол — Энилчек унаа жолу тартылган техникалардын күчү менен саат 8:30 чамасында бир унаа өтчүдөй болуп ачылган, азыркы убакытта унаа жолду кеңейтүү иш-чаралары жүрүп жатат", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Мырзаке — Алайкуу жолунда тазалоо иштери бүткөрүлүп, учурда жолду кеңейтүү аракети көрүлүүдө. Жол кууш болгондуктан унаалардын жүрүүсүнө уруксат берилген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0