Бишкекте балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө арналган семинар өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликанский учебно-методический центр эстетического воспитания "Балажан"
Республиканский учебно-методический центр эстетического воспитания Балажан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Семинар 25-27-ноябрь күндөрү Швейцариянын КРдеги элчилиги колдогон долбоордун алкагында болот.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Борбор калаада балдарды интеллектуалдык жактан өнүктүрүүгө арналган чыгармачыл семинар өтүп, бардык каалоочулар үчүн эшик ачык болот. Бул туурасында Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусунун маалыматында айтылат. 

"Көркөм сүрөт музейин кошпогондо балдар үчүн театр оюн-зооктору, музейлерде балдар программалары жок. Балдарга арналган ар түрдүү билим берүүчү, өнүктүрүүчү, илимий программалар аз. Андыктан, маданият, көркөм өнөр, чыгармачылык, балдарды интеллектуалдык өнүктүрүү боюнча долбоордук-чыгармачылык семинарга чакырабыз", — деп кабарланат билдирүүдө. 

Семинар 25-27-ноябрь күндөрү Швейцариянын КРдеги элчилиги колдогон долбоордун алкагында өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0