Депутаттардын аты аталган Белиз документтери боюнча сурам жөнөтүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики
Здание Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Абдил Сегизбаев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге Белиз мамлекетинин (Борбордук Америка) расмий органдарынан траст документтери (апостиль) алынганын кабарлаган.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. КР Башкы прокуратурасы Southfield Managment Inc. компаниясынын акцияларын Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына берүү боюнча траст документтеринин аныгын иликтөө үчүн Белиз мамлекетинин (Борбордук Америка) компетенттүү органдарына атайын сурам жөнөттү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев изучает документы о результатах проверки фактов коррупции со стороны отдельных должностных лиц - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Белиз документтеринде аты аталгандар иликтөөнү башка нукка бурууда
Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Абдил Сегизбаев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге Белиз мамлекетинин (Борбордук Америка) расмий органдарынан траст документтери (апостиль) алынганын кабарлаган

Анда азыр Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган үч эл өкүлүнүн "Альфа Телекомдун" акциясын сатууга кызыкдар болгону айтылат.

Атамбаев бул документтердин чын-төгүнүн аныкташ үчүн Башкы прокуратура менен УКМКга тапшырма берген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0