Баткендин имамдары иш кагаздарын жүргүзүүнү үйрөнүшөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДиний китеп окуп жаткан мусулман. Архив
Диний китеп окуп жаткан мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен имамдары иш кагаздарын толтурууну үйрөнүшөт

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Баткен облусунун имамдары иш кагаздарды жүргүзүү боюнча семинар өтөрүн муфтият билдирди. 

Маалыматка ылайык, иш-чара 23-ноябрга белгиленип, облустук казыяттын катчылык, кадрлар жана маалымат кызматы тарабынан уюштурулууда.

Имамдардын билимин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын юристи Нурбек Ысманов арттырат. Семинарда имамдар мекеменин ишин алып барууда зарыл иш кагаздарын талапка ылайык жүргүзүүнү үйрөнүшмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0