Ош шаарында мектеп куруу үчүн 230 млн. сомго тендер жарыяланды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКуруучу. Архив
Куруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 19-ноябрда жарыяланып, мөөнөтү 12-декабрда аяктайт.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгы 625 орундуу мектеп куруу үчүн тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, мектепти Айни менен Геодезия көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакка куруу пландалып жатат. Капиталдык курулуш башкармалыгы курулуш иштерине 230 миллион 433 миң 177 сом сарптоого даяр. 

Тендер 19-ноябрда жарыяланып, мөөнөтү 12-декабрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0