Кара-Кулжада өзгөчө кырдаалдан улам 9 мектеп, 5 бала бакча жабылды

© Фото / Сатыбалды КыдырмышевСильный снегопад в долине Алай-Куу в Ошской области
Сильный снегопад в долине Алай-Куу в Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында түнкүсүн Алайкуу өрөөнүндө кар жаап, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу, Капчыгай айыл аймактарында кардын калыңдыгы бир метрден ашкан.

ОШ, 21-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 18-ноябрдан баштап өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Кара Кулжа районунун акими Каныбек Алиязов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына билдирди. 

Кар калың жааган аймакка өзгөчө кырдаалдар киргизилген ӨКМдин маалымат кызматы да тастыктады. 

Погода в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Түнкүсүн айрым жерлерде суук 25 градуска жетет
Алиязов билдиргендей, учурда район аймагында шарттын катаалдыгынан улам 9 мектеп жана 5 бала бакчанын иши убактылуу токтотулуп, билим берүү үзгүлтүккө учурады. 

ӨКМ билдиргендей, 20-ноябрда Мырзаке — Алайкуу унаа жолу 45-чакырымынан тарта жабылган. Учурда аталган жерде атайын пост коюлду.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 17-ноябрында түнкүсүн Алайкуу өрөөнүндө кар жаап, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу, Капчыгай айыл аймактарында кардын калыңдыгы бир метрден ашкан. Натыйжада Ой-Тал айыл аймагынын Көңдүк айылында, Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек, Коо-Чаты айылдарында, Алайкуу айыл аймагынын Көк-Арт, Кан-Коргон айылдарында ички чарбалык жолдор жабылып калган. Ал эми айрым айылдар жарыксыз калышкан. Бүгүнкү күндө Кара-Кулжа районунун Капчыгай, Ой-Тал, Кызыл-Жар айыл аймактарына электр энергиясы толугу менен берилди. Алайкуу айыл аймактарында үзгүлтүккө учураган электр зымдарын калыбына келтирүү максатында РЭСтен бир бригада (10 адам) тартылып, жумуш улантылууда.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Кара-Кулжа районундагы мектептердин баары көмүр менен камсыз болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Алайкуу аймагындагы калың кардын кесепетинен үзүлгөн электр линиялары кошулуп, өрөөндөгү 8 мектептеги жылуулук системалары ишке киргизилди. Эки орто жана бир башталгыч мектеп эртең окуй баштайт", — деп министрликтен маалымдашты.

Билим берүү министрлиги азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдорду кардан тазалап жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0