Таш-Сарай айылы: бир бусикке тыгылган 60 окуучу, жарыгы жок контейнер мектеп

© © SputnikБалыкчы шаарына караштуу Таш-Сарай айылындагы 60 окуучу мектепке баруу үчүн бир бусикке тыгылууга аргасыз.
Балыкчы шаарына караштуу Таш-Сарай айылындагы 60 окуучу мектепке баруу үчүн бир бусикке тыгылууга аргасыз. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таш-Сарай расмий түрдө айыл статусуна ээ болбогондуктан тиешелүү тараптарга кат, долбоор жазылбай келет.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Балыкчы шаарына караштуу Таш-Сарай айылындагы 60 окуучу мектепке баруу үчүн бир бусикке тыгылууга аргасыз. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы маалымдады.

Аталган айылда мектеп жок болгондугуна байланыштуу окуучулар Балыкчы шаарына каттап окууга аргасыз. Тогуз жылдан бери балдарды мектепке ташыган айдоочу Табылды Жоомартов 60 окуучуга убал болуп жатканын билдирди. 

"Унаа эски, ичи тар. Мектепке чоңу да, кичинеси да тыгылып батпай кыйналып барышат. Көргөн кишинин боору ооруйт. Кыш келип калың кийингенде унаага ого бетер батпай кыйналып жатышат. Балдарга эле убал болду. Ушунча окуучуну салып алып эски машинаны айдагандан мен дагы корком. Бирок айла жок, балдар билим алышы керек да", — деп билдирди айдоочу Жоомартов. 

Ал белгилегендей унаанын майы менен бузулуп клаган тетиктерин алганга ата-энелер акча чогултуп берип турат.

© © SputnikБалыкчы шаарына караштуу Таш-Сарай айылындагы 60 окуучу мектепке баруу үчүн бир бусикке тыгылууга аргасыз.
Балыкчы шаарына караштуу Таш-Сарай айылындагы 60 окуучу мектепке баруу үчүн бир бусикке тыгылууга аргасыз. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Балыкчы шаарына караштуу Таш-Сарай айылындагы 60 окуучу мектепке баруу үчүн бир бусикке тыгылууга аргасыз.
© © SputnikАталган айылда мектеп жок болгондугуна байланыштуу окуучулар Балыкчы шаарына каттап окууга аргасыз.
Аталган айылда мектеп жок болгондугуна байланыштуу окуучулар Балыкчы шаарына каттап окууга аргасыз. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Аталган айылда мектеп жок болгондугуна байланыштуу окуучулар Балыкчы шаарына каттап окууга аргасыз.
1/2
Балыкчы шаарына караштуу Таш-Сарай айылындагы 60 окуучу мектепке баруу үчүн бир бусикке тыгылууга аргасыз.
2/2
Аталган айылда мектеп жок болгондугуна байланыштуу окуучулар Балыкчы шаарына каттап окууга аргасыз.

Ал эми мектепке чейинки даярдоо класстарына сабак берген мугалим Назгүл Сагалиева берилет деген автобустун дайыны эмдигиче жок экенин билдирди.

"Эки жыл мурда Жаштар өнүктүрүү фондусу тарабынан автобус үчүн акча бөлүнгөнү айтылган. Бирок ал азыркы күнгө чейин бериле элек. Бул бир болсо, экинчи көйгөй айылда мектепке чейинки даярдоо класстары ачылган эмес. Буга окуучулардын санынын аздыгы себеп болгон. Ошондуктан 15 бала контейнерде билим алып жатат. Анысы аз келгенсип, электр энергиясына туташпагандыктан ичи суук", — деп билдирди мугалим.

Анын айтымында, ата-энелер балдарына айына 500 сомдон төлөп беришет. Бирок бир жыл бою төлөөгө чамасы келбегендиктен 480 сааттык программа кыскартылып 240 саат гана окутулат.

Мектеп лигасы деп аталган спорттук программанын ачылыш аземи - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 50 миңден ашуун окуучу мектеп лигасына катышууда
"Тиешелүү жактарга кат, долбоор жазып өз аракетибизди көрөлү десек айылыбыз расмий түрдө айыл катары катталбаптыр. Тургундар эл катары жер, суу салыктарын төлөп жаткандыктан айыл деп каттатып коюшса туура болмок", — деди Сагалиева.

Ал эми Балыкчы шаардык кеңеши эки жыл мурун 350 миң сомго балдарды мектепке ташуу үчүн автобус алууга тендер жарыяланганын аймактык кабарчыга билдирген. Бирок тендердин жеңүүчүсү 150 миңге эски автобус алып койгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылып, акча фондуга кайтарылган. Шаардык кеңештен учурда кайрадан тендер жарыяланганын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0