Чүйдө жаңы ачылган мектепке президент 200 миң сом белек кылды

Жазылуу
Аламүдүн районунун Октябрь айылында бүгүн окуучулар жаңы мектептин босогосун аттап, өлкө башчысынан белек алышты.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Чүйдүн Октябрь айылында жаңы мектептин ачылышы болуп, ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЧүйдүн Октябрь айылында жаңы мектептин ачылышы болуп, ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты
Чүйдүн Октябрь айылында жаңы мектептин ачылышы болуп, ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Чүйдүн Октябрь айылында жаңы мектептин ачылышы болуп, ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМаалыматта, 750 окуучуга эсептелген бул мектеп имаратынын курулушу былтыр башталгандыгы кабарланган
Маалыматта, 750 окуучуга эсептелген бул мектеп имаратынын курулушу былтыр башталгандыгы кабарланган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Маалыматта, 750 окуучуга эсептелген бул мектеп имаратынын курулушу былтыр башталгандыгы кабарланган
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевҮстүбүздөгү жылдын октябрь айында аталган объекти пайдаланууга берилген. Жаңы мектепке өкмөт башчы Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин атынан 200 миң сомдук сертификат тапшырды.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында аталган объекти пайдаланууга берилген. Жаңы мектепке өкмөт башчы Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин атынан 200 миң сомдук сертификат тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында аталган объекти пайдаланууга берилген. Жаңы мектепке өкмөт башчы Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин атынан 200 миң сомдук сертификат тапшырды.
1/3
Чүйдүн Октябрь айылында жаңы мектептин ачылышы болуп, ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты
2/3
Маалыматта, 750 окуучуга эсептелген бул мектеп имаратынын курулушу былтыр башталгандыгы кабарланган
3/3
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында аталган объекти пайдаланууга берилген. Жаңы мектепке өкмөт башчы Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин атынан 200 миң сомдук сертификат тапшырды.

Маалыматта, 750 окуучуга эсептелген бул мектеп имаратынын курулушу былтыр башталгандыгы кабарланган. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында аталган объекти пайдаланууга берилген. Жаңы мектепке өкмөт башчы Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин атынан 200 миң сомдук сертификат тапшырды.

"Билим берүү тармагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири. Биз билимдүү жаңы муунду тарбиялап чыгууга күч-аракетибизди жумшообуз керек" — деди премьер ачылыш салтанатында.

Белгилей кетсек, өкмөт 2016-жылга 80 жаңы мектептин курулушун пландаштырган. Алардын баарын үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре жыйынтыктоо каралууда. Өкмөт башчынын айтымында, эгемендүүлүк жылдары менчиктештирилип кеткен 198 мектепке чейинки мекеме мыйзам алкагында мамлекетке кайтарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0