Студенттик кез: сары чач эже, "акшыңдаган" кыздар, бир бөтөлкө вино

© AP Photo / Chris PizzelloЖогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсү
Жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн студенттердин эл аралык майрамы. Журналист Гүлдана Талантбекова Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура окуу жайынын жатаканасынын вахтеру Мээрим Сыдыкбековадан азыркы студенттердин жашоосунун кызыкчылыгы эмнеде экенин билип көрдү.

Студенттер вахтерлорго эбак ат коюп алышкан

Жатаканага алгач пол жуугууч болуп кирип, коменданттын сунушу менен вахтер болуп иштеп калдым. Иштегениме 16 жылдын жүзү болду. Башында жумушум жаккан эмес. Кийин көнгөндөн соң кетким деле келбей калды. Бир чети оор, бирок студенттер менен иштешүү алда канча кызыктуу. Студенттер эртең менен бардыгы баш ийкеп учурашып өтүшөт. "Эмне жаңылык?" деп ал-жайыңды сурап турушат. Азыркылар пикир алышканды абдан жакшы өздөштүргөн. Жатаканада иштеген ар бир вахтерго тиешелүү мүнөздөмөлөр бар. Студенттер атын унутуп калганда "сары чач эже", "дайыма күлүп жүргөн эже", "урушчаак эже" деп алышат экен. Менин болсо бат жиним келип, кайра тез тарап кетет. Көптөр мени кыйкырганы менен чындап урушпайт деп айтып калышат.

© Фото / Гулдана ТалантбековаНасирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура окуу жайынын жатаканасынын вахтеру Мээрим Сыдыкбекова
Вахтер общежитии кыргызского государственного университета строительства, транспорта и архитектуры им. Н.Исанова Мээрим Сыдыкбекова - Sputnik Кыргызстан
Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура окуу жайынын жатаканасынын вахтеру Мээрим Сыдыкбекова

Азыркы студенттерди илгеркилер менен салыштырып болбойт

Илгери студенттер арасында ызы-чуулар абдан көп болчу. Ар бир сменде жок дегенде бирден катталчу. Анда интернет деген жок болчу. Ар бир майрамда дискотека, кечелерди уюштуруп, залдарды шарлар менен кооздошуп, оюн-зооктун түрүн уюштураар эле. Азыркылар эмнегедир окуудан кийин тытынып иштеп, өз жандарын бакканга далалат кылышат. Анан конфликт деген нерселер көп каттала элек. Карылар үйүнө, балдар үйүнө барып коомдук иштерге активдүү катышкандарын көрөм. Ачка калып кулап калган студенттерди көп жылдан бери көрө элекмин. Ар бир доордун студенттери мен үчүн кызыктуу жана өзгөчө.

Алар биздин балдарыбыздай

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган студенттер өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин колунан президенттин стипендияларды алышты - Sputnik Кыргызстан
Мыкты студенттер Атамбаевдин колунан президенттик стипендия алышты
Окуу жылынын башында "түнкү 23:00дөн кечикпегиле, эшик жабылат" деп эскертебиз. "Кечинде бирөө жарым чаап кетсе эмне болот, мастарга кабылсаңар кантесиңер" деп сарсанаага батабыз. Азыр студенттердин көбү кафелерде иштеп кеч келет. Биз деле жайында ысыкта, кышында суукта эшиктен киргизбей койгудай ташбоор эмеспиз. Туулган күн болгондо "досторум келет эле, куттуктаганыңыз болсун кечирээк келем" деп уруксат суранышат. Кыргызда той көп эмеспи, сурангандан тажашпайт.

Белгилүү адамдар студенттик күнүн сагынганда жатаканага баш багат

Мындан көп жыл мурун тележурналист Мыктыбек Арстанбек биздин жатакананын экинчи этажында жашап кетиптир. Эки жыл мурун окуу жайдын кечеси болгондо жашаган бөлмөсүнө баш багып, азыркы жашап жаткан балдарды көрүп "биз дагы силердей студенттик күндөрдү башыбыздан өткөргөнбүз" деп акча таштап кетиптир. Курулуш тармагында, бизнес жаатында эмгектенген ишкер балдарыбыз келип "ушул жакта душ бар эле, могул жерде дискоткека уюштурчу элек" деп келип кетишет. Ушул жакта жашап жүрүп университетке мугалим болуп бала-чакасы менен дагы деле жашап келе жаткандар бар. Бул жакта илгери кубалыктар окуган экен. Анан бирөөсү жайында "Ысык-Көлгө эле келгем, биротоло көрө кетейин" дедим деп бөлмөсүн сүрөткө тартып кетти.

Ала качуу, рюкзак менен ташылган сыра, жигитин жоготкон кыз

Мен өзүм кыздардын эки жолку ала качуусуна күбө болуп калдым. Бирөөсүн сабактан келгенден кийин алдап эшиктин алдына алып чыгып, сүйрөгөн бойдон ала качып баратканда артынан далдактап жетпей калганбыз. Экинчисинде коридордон сүйрөп баратканда биз кошо жулмалашып жатып алдырып ийгенбиз. Бирок эки кыз тең жакшы жашап кетишти. Кийин ак жоолуктарын салынып учурашып кетишкен.

Аналитик компании Facebook из Кыргызстана Зарема Асанбекова - Sputnik Кыргызстан
Facebook компаниясында иштеген кыргыз кызы: билим алууга эч качан кеч эмес!
Менин сменимде жогорку студенттин баласы келип жабылып турган дүкөндү көрүп, "досум келмек эле, эшикке чыгып билип келейин" деди. Мен билгенден рюкзак менен чыккан, кайра кирсе анысы жок шуулдап эле кирип кетти. Анан эшикти жабайын деп парданы түздөп жатсам бактардын арасында кобур-собур үндөр чыкты. Акырын барсам эле үстүңкү кабатка рюкзакты тартып жатыптыр, бирөөсү "акырын тарт, жарылып калбасын" дейт. "Ай, эмне кылып жатасыңар?!" десем, чоочуп кетишип "эже, кечирип коюңузчу, бир бөтөлкө эле пиво болчу" деп аябай уялышкан.

Түн ичинде үчүнчү кабатка барсам бир кыз ыйлап жатат. "Эмне болду" десем, "жигитим мени сүйбөйм деп таштап кетти" деп буркурайт. Аны менен кошо мен сарсанаага батып, "кайгырба, келип калаар" деп отурдум. Кийинки сменде жигити экөө жетелешип келе жатат. Ичимден элдешиптир деп сүйүнүп калгам.

Кыздар урушканда акшыңдаса, балдар сыртка чыгып бүтүрүп келишет

Кыздар урушканда көз карашынан эле байкайм. Өтүп баратканда бири-бирин жактырбай, жерди оюп акшыңдап өтүшөт. Анан ичиңен "урушкан экен" деп каласың. Эркек балдардын урушу дароо билинет. Анткени ичтен урушпай, топтолуп алып сыртка чыгып бара жатканда бир нерсени шекшийбиз. "Ай, силер эмне уруштуңарбы" десек, "эже, отура бериңиз, баары жакшы эле" дешет.

Жакшы көргөн студент кыздарды өзүмдүкү кылып алам. Жардам керек болсо чуркап келишет. Жакшы балдарды көрсөм номерлерин берип тааныштырып коем. Негизи жатаканадан бактысын тапкандар толтура. Алардын бири сиздин маңдайда отурган Бермет.

— Бермет эже, мүмкүн болсо студенттик учурда башыңыздан өткөн кызыктуу окуялардан эстей кетпейсизби?

— Коңшу бөлмөдө туулган күн болуп балдар аябай майрамдап отурушуптур. Бизди да чакырышкан, анан ичип башташканда жактырбай кетип калдык. Өзүбүздүн бөлмөдө эшикти илип, жарыктын баарын өчүрүп, акырын телевизорду күйгүзүп үйдө жок кишидей отурганбыз. Бүрүшүп отурсак эле терезеде бир бала жабышып турат. Кинодогу жөргөмүш кишини көргөндөй эшикке бакырып атып чыктык. Көрсө, тиги бала эшиктен кире албай биринчи терезеден экинчисине аттап өтүптүр. Учуп кетсе эмне болот эле. Болгондо дагы 5-кабат болчу. Кийин бала өзүнүн аттап өткөнүнө таң калып жүрдү.

Себат билим-берүү мекемесинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Себаттын" башкы директору: мекеменин атын өзгөртүү муктаждыгы жаралса, карап көрөбүз
Биринчи курста дос кызыбыздын туулган күнү болуп сырттан конок чакырдык. Чоочун киши алып келгенге тыюу салынган эле. Үйдө эч нерсе деле жок. Карандай чай, бир вино менен отурганбыз. Анан коноктордун арасынан бир бала кыштын кыраан чилдесинде костюм-шым кийип, колуна бир роза көтөрө келиптир. Аны кайдан үзүп келгенин бир кудай билет. Бир ушакчы кыз сегизинчи кабатка вахтерду "конок тосуп жатат" деп биздикине ээрчитип келиптир. Эшик такылдаганда парданы шак ачып кызды киргизип, керебетти көтөрүп баланы сойлоттук. Астында бут кийимдерибиз бар болчу. Вахтер эже жакшы эле билмексен болду, тиги ушакчы кыз үйдү аңтарып кирсе болобу. Керебетти көтөрсө бала эчак бүрүшкөн, парданы ачса кыз гүлдү эстеликтей кармап турат. Вахтер эже унчукпай эле күлүп чыгып кетти. Ошентип эчтеке боло элек жатып биринчи курста кармалганбыз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0