Суткага берилген батирлер депутаттарды кызыл чеке талашка түшүрдү

Жазылуу
Батирлерди суткалап, сааттап ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам долбоор ЖКнын үчүнчү окуусуна жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында суткалык жана саатына берилип жаткан батирлер маселеси Жогорку Кеңеште кызуу талкуу жаратты. 

Белгилей кетсек, "КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамдын долбоорун" үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүү каралды.

КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди суткага жана саатына берген жарандарды тескөө нормалары мыйзам долбоорго киргизилгенин айтты.

"Бул мыйзам долбоор кабыл алынып калса, үйүнө ар кошкон элди саатына, суткасына деп киргизип жаткандардын саны суюлмак", — деди Рыспаев.

Ал эми депутат Ирина Карамушкина бул мыйзам иштеп кетерине күмөн санай турганын айтты. 

Анткен менен ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мыйзам долбоор кабыл алынса иштей турганына ишендирди.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, мейманкана иштеткендерге кедергиси тийбейби деп кызыкты. Себеби, патент төлөп саатына, суткасына бергендер бар экенин айтты.

Атамбаев: катарындагы айбандарга карабай тартип сакчылардын эмгегин унутпаш керек - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: катарындагы "айбандарга" карабай тартип сакчылардын эмгегин унутпаш керек
"Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Ибраимов жана Токтогул көчөсүндө милицияга тиешелүү үй бар экенин, ал жактагы батирлер суткасына, саатына берилип жатканы боюнча эл арасында сөздөр бар экенин айтып, ошол жерди тескей албаган милиция эми бул мыйзамды кантип иштетет деп кызыкты.

Курсан Асанов бул иш менен аймактык милиция алектене турганын, алардын мүмкүнчүлүгү жана кудурети жете турганын белгиледи. Ошондой эле саатына, суткасына берип же аларды калкалаган органда иштеген адамдар болсо кызматтан кетерин кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0