Ош: каза болгон индиялык студент окуган медицина факультетинин деканы кызматтан кетти

Жазылуу
Декан буга чейин да Россиядан докторлук диссертациясын жазуу үчүн беш-алты айга жумуштан уруксат суранып кайрылганын ректор кошумчалады.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов өз каалоосу менен кызматынан кетти. Бул тууралуу ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына билдирди. 

Анын айтымында, Калматов буга чейин да Россиядан докторлук диссертациясын жазуу үчүн беш-алты айга жумуштан уруксат сурап кайрылган.

"Роман Калматовдун кызматтан кеткендиги 23 жаштагы индиялык студент Субан Баграбанын ооруканада көз жумгандыгына эч кандай тиешеси жок. Бул жерде эч кандай саясат да жок. Болгону илимий ишин аягына чыгаруу үчүн ушул кадамга барып жатат. Калматовдун ордуна учурда окутуучулардын сунушу менен убактылуу милдетин аткаруучу катары ошол эле факультетте иштеген Сабира Маматова дайындалды", — деди ректор.

ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
ОшМУнун ректору: каза болгон индиялык студенттин КРге келгенине бир ай болгон
Исаков декан Калматовдун кызматтан кеткендигине окутуучулар жамааты нааразычылык билдирип жатышат деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын айтып, "мугалимдер менен өзү сүйлөшкөнүн" айтты.

13-ноябрда ОшМУда окуган чет элдик студенттер каза болуп калган индус жигитинин сөөгүн Делиге жөнөтүүгө КРдеги Индиянын элчилиги жардам бербей жатканы үчүн нааразылык акциясына чыккан. Андан соң маселе чечилип, маркумдун сөөгү бүгүн Делиге жеткирилгенин Индиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0