"Түндүкэлектр" ишканасы 3 миң үйдү караңгыда калтырды

© Sputnik / Марина Лысцева / Медиабанкка өтүүЛампа накаливания. Архивное фото
Лампа накаливания. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана калган жарандар карыздарын төлөмөйүн жарык берилбей турганын эскертет.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасы колдонулган электр энергиясы үчүн убагында акча төлөбөгөн үч миң абонентти жарыксыз калтырды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, жарык 15-ноябрь күнү өчүрүлгөн. 

"Бүгүн терминал аркылуу карызын төлөгөн 373 үйгө жарым сааттын ичинде жарык берилди", — деп айтылат маалыматта. 

Ишкана калган жарандар карыздарын төлөмөйүн жарык берилбей турганын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0