Диабет менен ооруган наристенин энеси: балаңыз суусаса, доктурга көрсөтүңүз! Суранам!

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүКуурчак. Архив
Куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-ноябрь — кант диабетине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Буга утурлай Sputnik Кыргызстан кичинекей Милана Атамырзаеванын үй-бүлөсү менен жолукту. Бир ай мурун ал инсулин жетишсиздигинен оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн.

Бүгүн бул наристе кант диабетинин 1-түрү менен жабыркоодо. Бул эмне деген оору, аны менен кантип жашоо керек жана 1 жаш 7 айлык наристе кайдан жүрүп мындай илдетке чалдыгып калганын төмөнкү материалдан окуңуз. 

Милана өзү теңдүү балдарга караганда тили эрте чыгып келе жатат. Балдай таттуу тили менен быдылдап сүйлөп жаткан наристе апасынын инсулин дарысын даярдап жатканын көргөндө чырылдап ыйлай баштайт. Суюктук куюлган ийне далынын ылдый жагына сайылат, бул учурда кызды атасы кармап турат. Милананын ата-энеси менен чоң апасы диабет менен ооругандар жана алардын жакындары үчүн уюштурулган атайын курстардан өтүп, баланын диагнозу менен жашоого үйрөнүүгө, күндүн тартибин, дегеле жашоосун өзгөртүүгө туура келди. 

Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары бөлүмүнүн дарыгери Жолчубек Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер Жумабеков: ангина жүрөк сыздатса, кулак-мурун оорусу мээге чабат
Баары инсулин менен бүтүп калса кана?.. Алгач, наристенин манжасынан кан алынып, канттын өлчөмү текшерилет. Андагы ооруксунууну баарыбыз эле билсек керек, ал эми Милана бул сыноодон ар күнү өтүп келет. Мындан соң ага инсулин сайылат, ушундан кийин гана наристе тамактанууга отурат. Жегени — тактык менен микротаразага тартылган нан (25 грамм) жана кычкылдыгы төмөн диета. Бул көрүнүш күнүнө төрт жолу кайталанат. Эми дарттын дабасы табылмайынча өмүр бою ушинтип жашоого туура келет. Балким, сыйкыр болуп, кыздын организми инсулинди өз алдынча бөлүп чыгара баштайт. Ага чейин наристе ушул тагдырына баш ийип, канттын өлчөмүн текшерип, инсулин саймайынча апасы тамак бербей турганын билип, "сайчу ийнеңди сайып тамак бер" дегенсип, кичинекей колдорун апасын көздөй суна берет.

Наристенин энесинин айтымында Милана кадимки балдардай эле тогуз айда, жакшы салмак менен төрөлгөн. Бир жарым жашка чейин наристенин ден соолугунда маселе болгон эмес. Бир жарым жаштан ашкан соң кыздын табарсыгында кызарган так пайда болуп, тынчын алган. Милананы апасы Бишкектеги бейтапканалардын биринде иштеген педиатрга алып келгенде дарыгер кызарган жерди памперске шылтап, сыйпаганга майлуу дары жазып берген. Бирок кыздын памперс кийбей калганына жарым жыл болгон эле. Дары кызарган жерди күчөтүп жибергендиктен баласын көтөргөн эне кайрадан дарыгерге кайрылууга аргасыз болгон. Бул жолу аял наристесинин дайым суусап, суюктукту өтө көп, бир ичкенде жарым литрден иче баштаганын, заара ушатканы да чоң кишиникиндей болуп жатканын айтат. Педиатр кызга тиешелүү анализдерди жазып, кийинки күнү бөйрөгүн УЗИге тарттырып, андан кийин невропатологго жиберген. 

Анализдердин бардыгы жакшы чыккандан кийин доктур кандай жардам көрсөтөрүн билбей калган. "Кызым суюктукту көп ичип жатат" деген энеге дарыгер "суюкту көп ичкен жакшы болот", — деп жубатууга аракет кылган. Ал эми суюктукту көп ичүү – бул кант диабетинин бирден бир белгиси экендигин дарыгер өзү билбеген шекилдүү. 

Жизнь и быт семьи Калыковых в селе Колдук - Sputnik Кыргызстан
Азаптуу карыя: акыркы демиме чейин майып балдарымды таштабайм
Ал арада Милана колдон түшпөй, шайы кетип, суюктукту ичкенди да токтотот. Кызды көргөн жеке невропатолог ымыркай кант диабетине кабылганын дароо айтат. Ошол эле жерден кан тапшырылып, 2, 78-4,4 ммоль/л нормага 30 ммоль/л туура келгенин уккан ата-эненин эси оойт. Жеке медициналык борбордон Милананы Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун кайра жандандыруу бөлүмүнө алып жөнөшөт. Бул жерден "эмне үчүн эне менен бала бир жума текшерилип жүргөн бейтапканадан канттын өлчөмүн бир да жолу текшеришкен эмес?" деген суроо туулбай койбойт. "Балаңар суусаса кантын текшерткиле!" Эми Милананын энеси муну ар убак какшап айтып келет.

Бүгүнкү күндө Милана кант диабетинин 1-түрү менен ооруп келет. Бул — кыздын инсулинден толук көз карандылыгын билгизет. Эне-баланы коргоо борборунун балдар эндокринология бөлүмүнүн дарыгери Нурзат Жунушалиеванын айтымында, Миланага бул илдет тукум кууп келиши мүмкүн. Оорунун активдешүүсүнө вирустук инфекция, оорунун аркасынан пайда болгон стресс себепкер болушу ыктымал. Оору ар кыл куракта пайда болушу мүмкүн. Ошондой болгон күндө да бул ооруга көпчүлүк учурда балдар, улан-кыздар, 40 жаштан ылдыйкы адамдар кабылат. Каны катып чаңкоо, бат-баттан заара ушатуу, арыктоо, тамакты көп жей баштоо же табиттин жоголушу, алсыз болуп, өзүн начар сезүү — ушунун бардыгы эндокринолог дарыгерге кайрылуунун башкы себеби болуп эсептелет. Себеби, ооруну дарылабай койгон учурда бейтап диабетикалык коомага түшүп калышы мүмкүн. Мунун өзү өлүмгө алып барат. 

Жашоо үчүн күрөш: 17 ирет операция жасалган майып кыз кантип акча таба баштады - Sputnik Кыргызстан
Жашоо үчүн күрөш: 17 ирет операция жасалган кыз кантип акча таба баштады
Бейтапкананын дарыгерлери тууралуу кеп кыла турган болсок, Жунушалиева дарыгерлердин күнөөсү баланын оор абалда реанимацияга түшүп калышында жана баланын абалын көрүп туруп чара көрбөгөнүндө экенин белгиледи. Эне кызынын суюктукту көп ичип, көп заара ушатып жатканын айтканына карабастан, педиатр тарабынан оорунун толук диагностикасы жүргүзүлгөн эмес. Бул белгилер өз учурунда кант диабетине текшерүүгө себеп болуп эсептелет. Мындан сырткары, канда инсулиндин жетишсиздиги заарада ацетонду пайда кылып, ар бир заара ушаткан сайын табарсык тушу дүүлүктүрө баштаган. Ал эми кызда бул белгилер байкалган, дал ошол табарсык тушта пайда болгон кычышуулар, кызаруулар дарыгерге кайрылууга себеп болгон эмеспи.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө кант диабетин алдын алууга болбойт. Бирок бул ооруга кабылган балдардын жашоосун өзү теңдүү балдардан айырмаланбагыдай кылып калыптандырууга болот. Бул, албетте, абдан оор. Азыр Милана апасынын жанында, ар дайым кароодо, ал эми чоңойгондочу? Мектепке кантип барат, дегенибиз, кызга инсулинди күнүнө төрт жолу сайып туруу керек да. Бизде кант диабети менен жабыркагандар үчүн мектептер жок. Мектептен кант диабетинин 1-түрү менен ооруган балдардын чарчап-чаалыгып, канты көтөрүлүп келген учурлары жок эмес. Себеби, алар мектептен инсулинди сайдырууга шарты жок. Бүгүнкү күндө ийне сайдырбастан эле инсулин менен камсыздап туруучу пейджерден чоң эмес атайын түзүлүш иштелип чыккан. Ал организмге киргизилип, күнү-түнү өз тартибинде инсулин менен камсыздап турат. Бирок баасы да оңой эмес — 4000 доллар. Бул ар бир эле байтаптын капчыгына туура келе бербейт. Кудай жалгап, өлкөдөгү инсулинге муктаж 14 миң бейтап дарыны акысыз алып келет.

Биздин өлкөдө диабет менен ооругандар үчүн мектептер жок болгону менен мектептке чейинки балдардын маселеси чечилген. 2013-жылы Бишкекте "Пчелки" балдар бакчасы ачылган. Аны "Дестство без диабета" коомдук бирикмесинин төрайымы Нурхан Жумабаева уюштуруп, жетекчиликке алган. Бакчада ар түрдүү ийримдер иштейт. Ал жерден балдар мектепке даярдалып, өнүгүшөт. Ошол эле жерден алардын кантын өлчөп, ийнесин сайып берип турушат. Тарбиячы болуп, көпчүлүк учурда оорулуу балдардын апалары эмгектенишет, мындан иштин натыйжалуулугу артып турат. Бул айымдар балдардын көйгөйүн башкалардан жакшы түшүнүшөт. Милананын ата-энеси да аны дал ушул бала бакчага берип, жумушка чыгууга белсенишүүдө. 

Майыптыгына карабай билим алган Адылжан апасына автоунаа алып берсем дейт - Sputnik Кыргызстан
Майыптыгына карабай билим алган Адылжан апасына автоунаа алып берсем дейт
Милана бүгүн биздин арабызда, ата-энесинин кучагында. Бир-эки күн кечеңдесе эле канындагы канттын көлөмү көбөйүп, диабетикалык комага түшүп калмак. Бул тууралуу анын ата-энесине эндокринология бөлүмүнөн айтышкан. Бирок беш жыл мурун ушундай эле абалга 11 жаштагы бишкектик кыз Сания Шмит туш болгон. Тилекке каршы, ал дарыгерлердин катасы менен кант диабетинин күчөп кетишинен каза болуп калган. Бул кызды да Милана сыяктуу эле бир кабинеттен бир кабинетке, бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө топ тепкендей чуркатып, ал гана эмес апасына кошуп үйүнө жөнөтүп ийишкен. Дарыгерлер кыздын оорусуна так диагноз коё алышкан эмес. Атургай кыздын канындагы канттын өлчөмүн текшерүү ойлоруна келбеген. Ал эми анын канындагы канттын өлчөмү 45 ммоль/л жеткен. Бул факты боюнча соттук экспертиза дайындалып, реаниматолог жазаланган. 

Учурда акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда 50 миңден ашуун адам кант диабети менен жабыркайт. 50 миңдин 1821и диабеттин биринчи түрүнө кабылса, анын 331и — 14 жашка чейинки балдар. Бирок бул расмий маалымат, андыктан чыныгы абал мындан да оор. 11-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын диабетикалык жана эндокринологиялык ассоциациясынын өкүлү Наталья Добрынинанын катышуусу менен маалымат жыйын өтүп, ал "кант диабети" деген диагноз жылына беш миң адамга коюларын айтты.

Салыштыруу үчүн айтсак, 2010-жылы Кыргызстанда кант диабети менен жабыркаган 28 миң адам катталса, 2012-жылы 37 миңге өскөн. Ал эми Добрынинанын айтымында, кыргызстандыктардын бул илдетке чалдыкканы арбын, бирок көбү бул жөнүндө биле бербейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0