Бишкектик соодагердин жинин келтирген алты учур

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЗимние распродажи
Зимние распродажи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы өлкөдөгү дүкөндөрдө эмне кылуунун кереги жок экенин аныктады.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Сатуучунун эмгеги оңой көрүнгөнү менен анын канчалык түйшүктүү экени көбүбүздүн оюбузга келе бербейт.

Алина аттуу 22 жаштагы сатуучу кийим-кече саткан дүкөндө консультант болуп иштейт. Бийкеч көптүн көзүнө көрүнө бербеген ишинин терс жактарын айтып берди.

1. Дүкөнгө тойго келгенсип бүтүндөй бир үй-бүлөнүн — наристеден баштап бутун араң сүйрөгөн кемпирлерге чейин келгени жакпайт. Кийимдерди ары-бери ыргытып, манекендерди кулатып, кийим илгичтерди сындырып ийген учурлар да болот.

Смог в Москве и Московской области - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик таксисттин кыжырын кайнаткан 6 нерсе
2. Жакшынакай эле кийинген адам бир нерсени үч саат тандаганы таң калтырат. Сатыктагы болгон кийимдин баарын кийип көрүп, бизди кампаны тинттирип, анан эч нерсе болбогонсуп: "Дагы карап көрөйүнчү, кайтып келишим мүмкүн" деп басып кеткенин айтсаңыз…

3. Кээде 9да келип, саат 10го чейин даярдап дүкөндү ачууга камынып жатканда эрте келип алган аялдардын эшикти каккылай бергени тажатат. Биз бекер тамак берип аткансып…

4. Кардарлардын кийимди уурдап кетиши же ошого аракет кылышы жинди келтирет. Жок кийимдин эсебин кожоюн биздин айлыктан кесип алат. Жөн эле кесип алса жакшы го, урушуп, кемсинтип, айлаңды кетирет.

5. 10 миң сом айлык алсак, анын теңи эле түшкү тамагыбызга кетет. Же акчабызды убагында алсакчы…

6. Жарыбаган акчага сатып алган буюмду эки-үч күн өткөндөн кийин кайра алып келип бергендер кыжырды кайнатат да. Туура келбей калган имиш… Туура келген-келбегенин жакшылап карасын деп күзгү илинип турат го.

Жаңылыктар түрмөгү
0