Өзгөндө үч мектеп ишке берилди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественная линейка в День знания в средней школе им. С.Чокморова в селе Чон-Таш
Торжественная линейка в День знания в средней школе им. С.Чокморова в селе Чон-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев келерки жылдын соңунда авариялык абалдагы мектептердин бардыгы оңдолуп чыгаарын билдирген.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда үч мектеп ишке берилгендиги тууралуу өкмөттөн кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, Куршаб, Кароол жана Гүзар айылдарындагы мекетептердин ачылышына биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев катышкан. 

"Куршаб айылында 270 окуучуга ылайыкталган Ленин атындагы жаңы орто мектеп ишке кирди. Ал эми Кароол айылындагы мектеп 540 окуучуну кабыл алса, Гүзар айылындагы мектеп 275 окуучуга ылайыкталган", — деп айтылат маалыматта. 

Вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев үч мектептин ачылышына катышып, тургундарды билим борборлору менен куттуктаган. 

"Окуу жайында сапаттуу билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн, бул балдардын мыкты шартта билим алуусуна мүмкүндүк түзөт", – деп билдирген Мухамметкалый Абулгазиев.

Ал келерки жылдын соңунда авариялык абалдагы мектептердин бардыгы оңдолуп чыгаарын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0